Жаңылыктар

06.11.2024 17:44

   Кароолор: 260

ӨКМ АЛТЫН КАЛЕМ ЭЭЛЕРИНЕ СЫЙЛЫК ТАПШЫРДЫ

7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнүн 100 жылдыгына карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен ар тараптуу тыгыз иш алып барып, аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ведомстволук сыйлыктар менен сыйланды.

Анда Кыргызстандын аймактарында катталган табигый кырсыктардын, кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну, алдын алуу иштерин жана ошондой эле куткаруучулардын жараткан ийгиликтерин коомчулукка кеңири жайылтып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн чагылдырууга салым кошкон кесип ээлеринин эмгеги жогору бааланды.

Тарых барактарына кайрылсак, кыргыз басма сөзүнүн көч башы – бир кылым мурдагы “Эркин Тоо” гезити. Басма сөзгө чыйыр салган гезиттин алгачкы саны 1924-жылы 7-ноябрда Ташкентте чыккан. Улут тилиндеги алгачкы басма сөз ал жердеги азганакай чыгармачыл топтун аракети менен жарыкка чыккан.

Гезиттин тунгуч санына Аалы Токомбаевдин, Касым Тыныстановдун, Сыдык Карачевдин, Кусейин Карасаевдин макалалары жарыяланып, тарыхта жазылып калган. Кезинде кыргыз мамлекетинин ошондогу коомдук-саясий, маданий турмушундагы күндөлүк окуялары, жаңылыктары, көпчүлүктүн көйүндөгү маселелер жарыяланып турган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу