Жаңылыктар

14.03.2025 16:34

   Кароолор: 257

ӨКМ АЙДООЧУЛАРДЫ САК БОЛУУГА ЧАКЫРАТ

Жол кырсыгынан 2 адам каза тапты

Бүгүн, 14-март күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек — Ош унаа жолунун 300-чакырымында (Торкен а/а) Honda Stepwagen унаасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:46да Токтогул райондук №97 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана авариялык-куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу тартылып, тилсиз жоо саат 15:35де өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун нугунан чыгып кулаган, натыйжада өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза тапты. Учурда жарандардын өздүгү такталууда.

❗️ӨКМ ЭСКЕРТЕТ

Урматтуу айдоочу! Сапарга чыгууда төмөнкү эрежелерди так сактаңыз:

- жолго чыгууда унааңыздын техникалык абалына көңүл буруңуз;

- коопсуздук эрежелерине ылайык, тетиктерин оң абалда кармаңыз;

- газ менен жүрүүчү унаа менен күн ысыкта алыс чакырым жүрсөңүз, атайы эрежелерин так сактаңыз;

- мас абалында, чарчап, уйкуңуз келип турганда ошондой эле өзүңүздү начар сезип жатсаңыз унааны башкарбаңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу