Жаңылыктар

01.04.2024 16:08

   Кароолор: 1003

ӨКМ АДИСТЕРИ ӨЗГӨНДӨ ЖЕР КӨЧКҮГӨ ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагындагы Жийде айлынын түштүк-батыш тарабында №5 жол тейлөө мекемесине тиешелүү жолдун болжол менен 25-чакырымында жер көчкү жаракалары пайда болгондуктан, изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

Жер көчкүнүн активдешүүсүнүн белгилери байкалган тилке атайын инженердик шаймандар менен изилденип, жантайма рельефинин санариптик модели, ортофотопланы, аэросүрөттөрү алынды. Талаа жумуштарынан алынган материалдар колдонулуп, жер көчкүнүн өөрчүсүнүн, кыймылга келүүсүнүн болжолдуу симмуляциясы иштелип чыгат.

Жер көчкү жаракаларынын жылуусун так аныктоо максатында, жаракалардын айланасына атайын казыктар, белгилер орнотулуп, мезгил-мезгили менен жеринде казыктардын жылуусуна байкоолор жүргүзүлүп турат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү сунуштарды камтыган корутундулар атайын эскертме каттар даярдалып, тийиштүү тараптарга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, бул кооптуу аймакта жалпы 13 үй жана аймактагы Жол тейлөө мекемесинин карамагындагы унаа жолу жайгашкан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу