Жаңылыктар

04.11.2025 22:28

   Кароолор: 195

ӨКМ АДИСТЕРИ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН КОРКУНУЧУН АЗАЙТУУ БОЮНЧА УЛУТТУК ТРЕНИНГИНИН БАШТАЙТ

Кыргызстанда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери үчүн табигый өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча комплекстүү окуунун экинчи этабы башталат. Окуу Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана эл аралык эксперттик уюмдардын өнөктөштүгүндө өткөрүлмөкчү.

Программа теориялык даярдыкты, талаа шарттарында тажрыйбаны камтыйт. Ал геомаалыматтык технологияларды, моделдөө куралдарын, учкучсуз системаларды жана табиятка негизделген чечимдерди колдонуу аркылуу тобокелдиктерди баалоо жана азайтуу ыкмаларын үйрөтөт.

Иш-чарага Швейцария, Австрия, Пакистан, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн эл аралык эксперттер катышат. Алар BFW, BFH, MapAction, SARMAP, Ageospatial жана башка уюмдарды өкүлчүлүк кылышат.

2025-жылдын 10-ноябрында өтүүчү эл аралык окутууда катышуучулар төмөнкү маалыматка ээ болушат:

* Табигый коркунучтарды байкоо жана божомолдоонун заманбап ыкмалары;

* Геомейкиндик ыкмалар жана моделдөө;

* Эрте эскертүү системалары жана өзгөчө кырдаал маалындагы маалыматтарды башкаруу;

* Талаа изилдөөлөрү үчүн санариптик куралдар;

* Жасалма интеллект жана геоаналитика негизинде көп тобокелдик карталарын түзүү;

* Өрөөн жана токой экосистемаларынын, ошондой эле табиятка негизделген чечимдердин ролу;

* Ысык-Көл аймагындагы практикалык иш: көчкү, сел, суу ташкыны жана башка коркунучтарды баалоо камтылган

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу