Жаңылыктар

10.11.2025 11:47

   Кароолор: 791

ӨКМ АДИСТЕРИ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН КОРКУНУЧУН АЗАЙТУУ БОЮНЧА УЛУТТУК ТРЕНИНГИН БАШТАДЫ

Кыргызстанда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери үчүн табигый өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча комплекстүү окуунун экинчи этабы башталды.

Тренингдин ачылышына Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев, Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин башкы миссия башчысынын орун басары Андрес Мюллер, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Кожиро Накаи жана аймактардан келген ӨКМ адистери катышууда.

Окуу Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана эл аралык эксперттик уюмдардын өнөктөштүгүндө өткөрүлүп жатат.

Программа теориялык даярдыкты, талаа шарттарында тажрыйбаны камтыйт. Ал геомаалыматтык технологияларды, моделдөө куралдарын, учкучсуз системаларды жана табиятка негизделген чечимдерди колдонуу аркылуу тобокелдиктерди баалоо жана азайтуу ыкмаларын үйрөтөт.

Иш-чарага Швейцария, Австрия, Пакистан, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн эл аралык эксперттери катышууда. Алар BFW, BFH, MapAction, SARMAP, Ageospatial жана башка уюмдарды өкүлчүлүк кылышат.

2025-жылдын 10-ноябрында башталып, 18-ноябрда аяктай турган эл аралык окутууда катышуучулар төмөнкү тажрыйбалар боюнча билим алышат:

* Табигый коркунучтарды байкоо жана божомолдоонун заманбап ыкмалары;

* Геомейкиндик ыкмалар жана моделдөө;

* Эрте эскертүү системалары жана өзгөчө кырдаал маалындагы маалыматтарды башкаруу;

* Талаа изилдөөлөрү үчүн санариптик куралдар;

* Жасалма интеллект жана геоаналитика негизинде көп тобокелдик карталарын түзүү;

* Өрөөн жана токой экосистемаларынын, ошондой эле табиятка негизделген чечимдердин ролу;

* Ысык-Көл аймагындагы практикалык иш: көчкү, сел, суу ташкыны жана башка коркунучтарды баалоо камтылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу