Жаңылыктар
21.05.2024 12:06
Кароолор: 445
ӨКМ АДИСТЕРИ ӨЛКӨНҮН ЖЕР КӨЧКҮЛӨРҮ КООПТУУ АЙМАКТАРЫН ИЗИЛДЕШҮҮДӨ
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери учурда өлкө аймагында сел жүрүү, таш кулоо сыяктуу жана башка табигый кубулуштарга, анын ичинен жер көчкүгө такай көзөмөл жүргүзүп, жеринде визуалдык изилдөө иштерин аткарышууда.
Негизинен көчкүлөрдүн активдешүүсү климаттык, инженердик-геологиялык, геофизикалык, гидрологиялык шарттарга, антропогендик факторлорго, сейсмикалык активдүүлүккө байланыштуу болот. Учурда бир нече күндөн берки тынымсыз жааган жамгырдан жер көчкү активдешүү кооптуулугу турат.
Андыктан адистер Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында жер көчкүгө изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Алар тобокелдиктерин баалоо үчүн кооптуу участкаларга атайын датчик, серсорлор жана башка инженердик шаймандарды орнотуп, жер көчкүнүн туруктуулугун көзөмөлдөшөт.
Белгилей кетсек, Департамент тарабынан 2023-жылдын январь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин, жаз-жай мезгилдериндеги табигый процесстердин коопсуз өтүүсүн камсыздоо, калкты жана объекттерди коргоо, ошондой эле кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү боюнча иш-чараларын жүргүзүү үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына, тиешелүү министрликтерге жалпы 309 атайын эскертме каттар жөнөтүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР