Жаңылыктар

29.11.2024 12:41

   Кароолор: 192

ӨКМ АДИСТЕРИ ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА КООПТУУ ТИЛКЕЛЕРДЕ АЛДЫН АЛУУ, БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИН ТАКТАШТЫ

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2025-жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчемине жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган калктуу аймактарды сел-суу ташкындарынан коргоочу объектилер жеринен изилденди. Алсак, министрликтин адистери кооптуу тилкелерде селдин нугуна механикалык тазалоо, каналдарды кеңейтүү, канал жээктерин габион торчолору менен бекемдөө сыяктуу келерки жылы аткарылчу иштерди өлкө аймагында жеринен талкуулашты.

Изилдөө иштеринин негизги максаты – жаз-жай мезгилинде калктуу конуштарды сел-суу ташкындарынан коргоо, адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана материалдык чыгымдарды келтирбөө. Ошондой эле алдын ала жүргүзүлгөн тактоо, изилдөө иштери ӨКМдин 2025-жылга карата алдын алуу, кесепеттерин жоюуга карата жасаган негизги кадамы.

2024-жылдын 11-22-ноябры аралыгында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин буйругуна ылайык, атайын түзүлгөн жумушчу топ Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ош шаарынын аймагындагы кооптуу объектилерди жеринде изилдеп, алардын приоритеттүүлүгүн жана жобо талаптарына шайкештигин аныкташты. Ал эми 27-29-ноябрында Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарындагы кооптуу тилкедер изилденди.

Бул иш аракеттердин жыйынтыгынын негизинде, 2025-жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчеминин долбоору түзүлөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу