Жаңылыктар
28.11.2023 15:46
Кароолор: 438
ӨКМ АДИСТЕРИ ОКУУЧУЛАРГА КЫРСЫКТАРДЫН ТҮРЛӨРҮ ТУУРАЛУУ САБАК ӨТҮШТҮ
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн кызматкерлери Кант шаарында жайгашкан “КFHI” жетекчилерди даярдоо окуу борборунун студенттерине атайын мерчемге ылайык сабак өтүштү.
Иш-чара суроо-жооп түрүндө болуп, жаратылыш кырсыктары жана түрлөрү, өрт коопсуздук эрежелери, кырсык катталган учурда адамдарды куткаруу жана эвакуациялоо жана башка студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришти.
Соңунда өрттү өчүрүү жана өздүк коргонуу каражаттарын колдонууну түшүндүрүп, тажрыйба жүзүндө колдонгонду үйрөтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР