Жаңылыктар

13.07.2025 13:25

   Кароолор: 249

ӨКМ АДИСТЕРИ КЕГЕТИДЕГИ КӨЛ-ТӨР КӨЛҮН ИЗИЛДЕШТИ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Чүй облусунун Кегети тоосундагы Көл-Төр көлүнүн көлөмүн, андан агып чыккан суунун ченемин тактоо, марена дамбасынын туруктуулугун изилдешти.

Кечээ, 12-июлда изилдөө иштерине ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментинин адистери, Чүй облустук башкармалыгынын куткаруучулары чыгышкан.

Алардын изилдөөсүнөн соң, көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык болуп, жырылып кетүү коркунучу жок экени аныкталган.

Ага карабай тоо көлүнүн толуу процессин жана жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында, сифон ыкмасы менен көлдүн суусун азайтышты.

ӨКМ адистери Көл-Төр көлүнүн жолунда жайгашкан айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жоктугун билдирди. Кыргызстанда жүздөгөн тоо көлдөрү бар. Алар климаттык өзгөрүүлөргө жараша мөңгүлөрдүн эрүү, суу толуу процессинде.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу