Жаңылыктар

23.09.2025 12:27

   Кароолор: 88

ӨКМ: АДАМ ӨМҮРҮН САКТАГАН АПААТТЫК МЕДИЦИНА

Кыргызстанда 17-20-сентябрь күндөрү өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин "Чек-2025" командалык-штабдык машыгуусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Апааттык медицина кызматынын мобилдүү госпиталы машыгуу талаасында жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, мобилдүү госпитал согуш талаасында, түрдүү табигый жана техногендик кырсыктарда жабыркагандарга ыкчам, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө ылайыкталган. Мобилдүү бейтапкана суу, электр жарыгы жок шартта жана тоолуу аймактарда да иштөөгө ылайыкташтырылган.

Көчмө госпиталда күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алып, 20га чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоо мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары 8 орундуу интенсивдүү терапия бөлмөсү жайгашкан.

«Чек-2025» эл аралык машыгуусуна Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттеринин аскердик контингенттери, ЖККУнун Башкы катчылыгы жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышты.

 

https://www.facebook.com/share/v/15V9nWSmzA/
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу