Жаңылыктар

14.03.2024 10:36

   Кароолор: 682

ӨКМ "БИШКЕК ЖАШЫЛ ЧАРБА" ИШКАНАСЫНЫН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫН БААЛООГО АЛДЫ

12–15-март күндөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы жана “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын - Өсүмдүктөрдү жана суу ресурстарын коргоо Жарандык коргонуу кызматынын жарандык коргонуу абалын баалоо жүргүзүлөт.

​Жарандык коргонуу абалын баалоонун негизги багыттары:

- Байланыш жана кабарландыруу тутумунун даярдыгын баалоо;

- Байланыштын өзгөчө кырдаалдарда туруктуу иштөөсүн баалоо;

- Жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышы;

- Жарандык коргонуу жаатында окутуулар боюнча:

- Жарандык коргонуу жаатындагы иш кагаздар:

- Машыгуулар боюнча формалдашкан иш кагаздар;

- Жылдын жыйынтыгы, жаңы-жылга коюулган максаттар.

- Өрт коопсуздугун камсыз кылуу багыты боюнча;

- Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн күч жана каражаттарынын даярдыгы.

Максаты өзгөчө кырдаалдарда жана өзгөчө кырдаалдын алдын алууда иш алып баруу даярдыгын текшерүү жана усулдук жардам көрсөтүү, жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды уюштурууну жакшыртуу болуп саналат.

Баалоо иши ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан атайын пландын негизинде жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу