Жаңылыктар
25.07.2024 18:53
Кароолор: 283
ӨКМ 6 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кабар Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде 2024-жылдын 6 айынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.
Пресс-конференцияга Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев, министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, министрдин орун басары Акылбек Мазарипов жана ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев катышып, ММК өкүлдөрүнө маалымат берүү менен суроолоруна жооп беришти.
Алсак, үстүбүздөгү жылдын 6 айында өлкө аймагында 29 өзгөчө кырдаал катталып, натыйжада 39 адам каза болгон. Материалдык чыгымы 449 млн 360 миң сомду түздү. Жалпы өзгөчө кырдаалдардын ичинен 65,5% сел суулары түзгөн. Жыл башынан бери өлкөдө 311 сел катталган (2023-ж. 62). Анын кесепетинен 22 адам каза болуп, материалдык чыгым 398 млн 345 миң сомду түзгөн.
Быйылкы жылдын 24-июлуна карата өлкө аймагында 1597 өрт кырсыгы катталган. 2023-жылга салыштырмалуу 15% азайган. Өрт кырсыгынын кесепетинен 26 адам каза болгон. Материалдык чыгым 358 млн 150 миң 100 сом.
Мындан сырткары жайкы сууга түшүү мезгилинде республиканын аймагында 54 адам сууга чөгүп каза болгон. Куткаруучулардын күжүрмөн аракеттеринин негизинде республика боюнча ар кандай өзгөчө кырдаалдардан, кырсыктардан 149 адам өмүрү куткарылган.
Өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо иш-чаралары боюнча 2024-жылы коргоочу курулмаларды куруу жана жээктерди бекемдөө иштери боюнча жалпысынан 24 объектте жумуш жүрүп, 7 объект пайдаланууга берилди. 3126 метр дамба, 1 көпүрө, 3 селкана курулду.
“Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чаралары боюнча жалпы 282 объект каралган анын ичинен 141 объектиде жумуш аяктаган.
Аткарылган иштин натыйжасында 7473 турак жай, 48 социалдык мекеме,
58 860 метр ички чарбалык жол, 8180 и/ч арык, 8 көпүрө, 2588 га айыл чарба жери сел, суу ташкындарынан корголгон.
2023-жылдын июль айынан тартып, “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайын “Дальнее” калдык сактоочу жайына көчүрүү боюнча рекультивациялоо жумуштары аткарылууда. Бүгүнкү күнгө көчүрүлгөн калдыктардын көлөмү 435 миң м3ду түзөт. Жумуштардын толук бүтүрүлүшү 2024-жылдын IV кварталына мерчемделүүдө.
Ал эми ӨКМдин Токой кызматы Мамлекеттик токой фондусунун токой баскан аянтын көбөйтүү жана калыбына келтирүү максатында 2024-жылдын жаз айларында иш жүзүндө 1606 га аянт жерге экме токойлор отургузулду.
“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн ишке ашыруунун алкагында республика боюнча 5 млн 875 миң даана кѳчѳт отургузулду.
2024-жылдын 6 айдын ичинде Жарандык коргонуу даярдык планына ылайык 288 машыгуу уюштурулган. Жергиликтүү тургундардан, Жарандык коргонуу кызматкерлеринен, жалпысынан 15 344 жаран окутулган.
Мамлекет башчысы Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен селден жабыркаган Казакстанга эки этап менен 450 тонна, 350 тонна Россия Федерациясынын Оренбург, Орск, Илек жерине гуманитардык жардам жеткирилди.
Ал эми Өрттү көзөмөлдөө кызматы 6 ай ичинде 3826 текшерүү жүргүзүп,
26 823 пункттан эреже бузуулар аныкталып, анын ичинен аткарылганы - 6586, аткарылбаган пункттар - 20 237 боюнча 187 протокол түзүлүп, жалпы жолунан 2 млн 75 миң сом айып пул салынды, анын 118 протоколдун негизинде 2 млн 85 миң сом айып пул өндүрүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР