Жаңылыктар
24.11.2023 10:04
Кароолор: 2071
ӨКМ 30 ЖЫЛДА БИРИНЧИ ЖОЛУ 3 ТИК УЧАК, 700 ТЕХНИКА МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30 жылда биринчи жолу 3 тик учак, 700 техника менен толукталды.
Буга чейин Президент Садыр Жапаров дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу соңку кездерде табигый жана техногендик кырсыктардын саны өсүп жатканын айтып, алдын алуу жана ыкчам жардам көрсөтүүгө багытталган техникалык мүмкүнчүлүктү жогорулатуу заман талабы экенин баса белгилеген. Өлкө башчыбыздын бул максаттагы аракет менен акыркы 3 жыл ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ири көлөмдөгү заманбап жана көп максаттуу техникалар алынды. Эгемендүүлүктүн тарыхында биринчи жолу ӨКМдин автопаркы толукталган техникалардын айрымдарына токтолсок, республикалык бюджеттин эсебинен:
- издеп-куткаруу ж.б. максатта колдонула турган Airbus H-125, H-145 үлгүсүндөгү тик учактар дүйнөдөгү ири авиаөндүрүүчү “Airbus” компаниясынан сатып алынган;
- 20 автобус, 20дан ашуун оор жана жүк ташуучу унаалар, 10дон көп жол тандабас унаа;
- 58 өрт өчүрүүчү унаа Дүйнөлүк банк аркылуу жаңыланды.
Ал эми гранттык негизде:
- Кытайдан 100 өрт өчүрүүчү жана 38 унаадан турган 2 мобилдүү госпиталь;
- Россиядан 40 өрт өчүрүүчү унаа, бир Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү көп максаттуу тик учак;
- Түркия колдоо катары 1 катер тапшырган.
Ошондой эле Түштүк Корея, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана башка ушул сыяктуу уюмдардан куткаруучу, жүк ташуучу жана жеңил унаалар келген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.