Жаңылыктар
23.09.2026 14:27
Кароолор: 327
ӨКМ 23-СЕНТЯБРЬ - МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү — Кыргызстанда жыл сайын 23-сентябрда кеңири белгиленүүчү расмий майрам.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз тилин ар тараптан өнүктүрүү, сабаттуу колдонуу жана келечек муунга таза бойдон жеткирүүгө өзүнүн салымын кошуп келет. Эне тилди урматтоону, аяр мамиле кылууну туу туткан ар бир куткаруучу бүгүнкү Мамлекеттик тил майрамы менен жалпы мекендештерди куттуктайт.