Жаңылыктар

21.05.2025 08:55

   Кароолор: 343

ӨК МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ КАТУУ ШАМАЛДАН ЖАБЫРКАГАН ОБЪЕКТТРДИ КАРАП ЧЫКТЫ

Кечээ,, 20-май күнү ӨК министри генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен министрдин орун басары Эделбек Кулматов, 18-май күнү Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган объекттерди карап чыкты.

Иш сапарында ӨК министринин орун басары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирге шамал өзгөчө зыян келтирген Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары менен жолугуп, катуу шамалдан жабыркаган үй ээлери жана социалдык мекемелерден кабар алды.

Бир катар калктуу конуштарды кыдырып, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар менен таанышып, аларды жоюу үчүн тиешелүү мекемелерге тапшырмаларды берди.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу