Жаңылыктар

22.05.2025 11:58

   Кароолор: 245

ӨК МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЭДЕЛБЕК КУЛМАТОВ ТАЛАСТА ТОКОЙЧУЛАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН КӨЗӨМӨЛДӨДҮ

КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусун өнүктүрүүнүн алкагында ири долбоорлор менен таанышып, социалдык объектилердин курулушуна мезгил кутучасын салды. Аны менен катарлаш Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Талас облусунда иш сапары менен болду.

Анын иш сапарынын негизги максаты - токой чарбалардагы коопсуздук чаралары, өрттүн алдын алуу иштеринин жүрүшү жана табигый кырсыктардын алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштерди көзөмөлдө болду.

Министрдин орун басары кечээ, 21-майдагы иш сапарынын алкагында облустагы токой чарбаларына барып, алардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып чыкты. Жергиликтүү жетекчилер менен болгон жолугушууда токойлорду коргоо чарбалардын туруктуулугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Ошону менен катар Эделбек Кулматов токой чарбаларынын кызматкерлеринин эмгегин жогору баалап, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларга даярдык көрүү боюнча иштерди мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу