Жаңылыктар

10.07.2025 16:51

   Кароолор: 275

ӨК МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ ИСЛАМ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн, 10-июлда ӨКМдин Борбордук аппаратында Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов менен Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык хабынын жетекчиси Али Хандын жолугушуусу болуп өттү.

Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жаатындагы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.

Азамат Мамбетов Ислам өнүктүрүү банкына иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, климаттын жана геосаясий тобокелдердин өсүп жаткан шартында кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал белгилегендей, мындай шартта азык-түлүк коопсуздугу, гуманитардык логистиканын туруктуулугу жана масштабдуу өзгөчө кырдаалдарга техникалык даярдык маселелери өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

Өз кезегинде Али Хан жемиштүү кызматташуу үчүн ыраачылыгын билдирип, бул жолугушуу өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо чараларын кененирээк талкуулоого мүмкүндүк берерине ишендирди.

Ал өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө негизги долбоорлорду ишке ашырууда Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Талкуунун маанилүү багыттарынын бири Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун потенциалын чыңдоого багытталган долбоор болду. Бул долбоор Бишкек, Ош, Балыкчы жана Баткен шаарларында заманбап кампаларды курууну, Мамлекеттик материалдык резервдер фондун тегирмен комплекси менен жабдууну, азык-түлүктүн сапатын көзөмөлдөө лабораториясын жаңылоону, гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн адистештирилген унааларды сатып алууну камтыйт.

Жолугушуунун катышуучулары бул долбоорду ишке ашыруу менен Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга улуттук туруктуулугун бекемдөөгө жана азык-түлүк менен камсыздоо тутумун чыңдоого шарт түзүлөрүн баса белгилешти.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кийинки өнөктөштүк багыттары тууралуу макулдашып, ийгиликтүү кызматташуулар мындан ары да уланарына ишеним артышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу