Жаңылыктар

07.08.2026 08:30

   Кароолор: 15

ӨК МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ БАТКЕНДЕГИ СЕЛ ӨТКӨРҮҮЧҮ САЙЛАРДЫН СЫЙЫМДУУЛУГУН КЕҢЕЙТҮҮ ИШТЕРИНЕН КАБАР АЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Баткен облусундагы сел жана суу ташкындарынан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан объектилердин абалы менен жеринде таанышты.

Кызыл-Кыя шаарында курулушу жүрүп жаткан коргоо тосмосу Жал-Сай сел өткөрүүчү сайында жайгашкан. Азыркы тапта ӨКМдин «Баткен КМО» мамлекеттик ишканасы тарабынан колго алынган бетон тосмосунун курулуш иштери дээрлик аяктоодо. Долбоор Президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып, шаар аймагын сел коркунучунан коргоого багытталган.

Ал эми Кадамжай районунун Учкун айылы аркылуу өткөн сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө маселеси жеринде талкууланды. Абал менен таанышкан министр долбоорду иштеп чыгуу сунушун берип, келерки жылга иш-планга кабыл аларын убада берди.

Ал эми Баткен шаарында сел өткөрүүчү сайды кеңейтүү, көпүрөлөрдү чоңойтуу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу таанышып, долбоордук-сметалык документтерди кыска мөөнөттө бүтүрүү тапшырмасын койду.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу