Жаңылыктар

11.06.2026 21:58

   Кароолор: 288

ӨК МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ БАТКЕНДЕГИ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГОО ОБЬЕКТТЕРИНИН КУРУЛУШ ИШТЕРИНЕН КАБАР АЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында сел жана суу ташкындарынан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан объектилердин абалы менен жеринде таанышты.

Алсак, Кызыл-Кыя шаарында курулушу жүрүп жаткан коргоо тосмосу Жал-Сай сел өткөрүүчү сайында жайгашкан. Азыркы тапта сайдын 564 метр тилкесине ӨКМдин «Баткен КМО» мамлекеттик ишканасы тарабынан бетон тосмо курулууда. Долбоор Президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып, шаар аймагын сел коркунучунан коргоого багытталган.

Ал эми Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылындагы Күзгү-Мазар участогунда сел өткөрүүчү сайга дамба куруу маселеси талкууланды. Жеринде болгон министр долбоорду кайрадан иштеп чыгуу сунушун берип, келерки жылга иш-планга кабыл аларын убада берди.

Айдаркен шаарында сел өткөрүүчү сайдын 2 чакырым аралык бөлүгүнө суу өткөрүүчү канал куруу зарылдыгы менен таанышкан жетекчилик курам объект менен таанышып, долбоордук-сметалык документтерди кыска мөөнөттө бүтүрүү тапшырмасы коюлду.

Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагындагы Алга айылында ушул жылдын май айында келген сел сууларын тосуучу дамба менен кесилишкен тилкеде ички чарбалык көпүрө куруу маселеси көтөрүлгөн болчу. Мындан улам министр Канатбек Чыныбаев долбоорлоо-изилдөө иштеринин программасына ылайык узундугу 12 метр, туурасы 6.8 метр болгон көпүрөнүн курулуш иштерин быйылкы жылга бүтүрүп берүүнү тапшырды.

Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында болгон жолугушууда сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө боюнча жүргүзүлө турган жумуш «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматына милдеттендирилгендиктен, аталган кызмат тарабынан ишке ашуучу долбоордун даярдыгы каралып, долбоордук документтерди тез арада бүтүрүү жана селден коргоо чараларын баштоону милдеттендирди.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу