Жаңылыктар
15.06.2024 08:12
Кароолор: 244
ӨК МИНИСТРИ, ГЕНЕРАЛ-МАЙОР БООБЕК АЖИКЕЕВ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
ӨК МИНИСТРИ, ГЕНЕРАЛ-МАЙОР БООБЕК АЖИКЕЕВ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
Урматтуу кесиптештер!
Кымбаттуу өрт өчүрүүчүлөр!
15-июнь – Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы менен кесип ээлерин чын дилимден куттуктайм!
Бир кылымга тете кызмат кылган Өрткө каршы мамлекеттик кызматы 100 жылдык тарыхка бай. 98 жыл мурун май айында Фрунзе шаардык кеңеши өрткө каршы түзүм түзүүнү токтом менен кабылдашат. Кезинде каражаттын тартыштыгынан шаар чарбасынын керексиз буюмдарын сатып, сатыктан түшкөн каржыга өрт өчүрүүчү шаймандарды алышкан.
Ошентип 1926-жылы 15-июнда калаанын Кошчу көчөсүндө биринчи шаардык өрткө каршы команда ачылары «Крестьянский путь» шаардык гезитине жарыяланат.
Кыргыз Мамлекети Эгемендүүлүк алган жылдардан тарта бул күн Өкмөттүн Токтому менен «Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын күнү» деп бекитилген. Андан бери Өрткө каршы кызматы канчалаган өзгөрүүлөргө кабылып, далай тарыхты башынан кечирет.
Мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө зор салым кошкон Өрткө каршы кызматынын ардагерлеринин, өрт өчүрүүчүлөрдүн ысмы тарых барактарында алтын тамгалар менен эскерилип калды. Аларсыз бул кызматтын ишмердүүлүгүн элестетүү мүмкүн эмес.
Урматтуу өрт өчүрүүчүлөр!
Өлкө жетекчилигинин зор колдоосуна ээ болуп, ӨКМ курамында Өрткө каршы башкармалыктын техникалык мүмкүнчүлүгү, адистик кесипкөйлүгү чыңалды. Бүгүн бул башкармалыктын пайдубалы бекем, түндүгү бийик экенин зор ишеним менен айта алам.
Сиздерге таазим кылабыз! Ар күнү өрт кечип, жалынга тик карап, тайманбастык менен аткарган кызматыңыздар үзүрлүү болсун! Элибиздин өмүрүн сактоого өбөлгө болуңуздар.
Терең урматтоо менен,
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев