Жаңылыктар

29.05.2024 09:25

   Кароолор: 333

ӨК МИНИСТРИ, ГЕНЕРАЛ-МАЙОР БООБЕК АЖИКЕЕВ КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жолдош жоокерлер, сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер!

Жолдош офицерлер жана генералдар! Урматтуу Куралдуу Күчтѳрдүн кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди 29-май – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз журтчулугу мекен үчүн жан-дилин бере кызматын өтөгөн жоокерлерге таянат эмеспи...

Мындан туура 32 жыл мурда элибиздин Куралдуу Күчтөрү түзүлүп, андан бери далай тарыхты кечирди.

Баарыбыз зор максатка баш койдук. Бул – Кыргызстанды көздүн карегиндей сактап, өнүктүрүп, күчтүү мамлекетке айландыруу.

Мына ушул асыл мүдөөгө жетүүдө Кыргыз Армиясынын орду өзгөчө.

Эгемендүү мамлекет эл аралык алакаларды тынчтыкка негиздеп, бардык мамлекеттер менен эки тараптуу кызматташууну өнүгүүгө гана багыттап келет.

Алга кадам таштаган өлкөбүздүн бекемдигин, элибиздин бейпил жашоосун камсыздоо жоокерлерден көз каранды.

Байыркылардан калган “Чептен эрдин күчү бек!” деген накыл кебиндей элибиз Кыргыз Армиясына үмүт артат.

Андыктан Сиздерге кажыбас кайрат, темирдей бекем эрк, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш тилейм.

Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн!

Терең урматтоо менен,

Өзгөчө кырдаалдар министри,

генерал-майор Б.Э.Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу