Жаңылыктар
23.02.2025 10:08
Кароолор: 400
ӨК МИНИСТРИ ГЕНЕРАЛ-МАЙОР БООБЕК АЖИКЕЕВ АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
Урматтуу ардагерлер, офицерлер, жоокерлер жана өмүрүн Ата Мекенинин бейпилдигине, элинин тынчтыгына арнаган асыл азаматтар!
Мекенге кызмат кылуу – бул жөн гана милдет эмес, бул ар бир күн сайын жасалган эрдик, элдин бейкуттугу үчүн өз өмүрүн тобокелге салуу, мекендин ар намысын сактоо. Бул – өзгөчө касиет, туруктуулук жана кайратмандык менен байланган ыйык жол.
Өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын атынан сиздерди Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул майрам – ак кызматын ар намыс менен өтөгөн, Мекенге берилгендигин иши менен көрсөткөн баатырларга арналган. Өмүрүн Ата Мекенге багыштап, анын коопсуздугу үчүн күрөшкөн ардагерлерге таазим этебиз. Алардын эрдиги, кайратмандыгы жана бекем духу – кийинки муундар үчүн түбөлүк өрнөк. Бүгүнкү күндө элдин тынчтыгы, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн күнү-түнү кызмат өтөп жаткан мекендештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Алардын аткарган ар бир иши – элибиздин келечеги үчүн ташталган берекелүү кадам.
Жүрөгүңүздөрдү ар дайым Мекенге болгон сүйүү, элдин урматы жылытсын! Рухуңуздар бекем, ден соолугуңуздар чың болсун. Үйүңүздөрдө бакубат жашоо, жакындарыңыздардын мээрими орносун.
Майрамыңыздар менен!