Жаңылыктар

31.08.2025 09:15

   Кароолор: 250

ӨК МИНИСТРИ, ГЕНЕРАЛ-ЛЕЙТЕНАНТ БООБЕК АЖИКЕЕВ КУТКАРУУЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Ата Журт үчүн ак кызмат өтөгөн куткаруучулар!

Сиздерди, Эгемендүү Кыргыз Мамлекетинин улуу күнү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы куткаруучуларын куттуктайм! Эгемендүүлүктүн байрагы жергебизде бийик желбиресин!

Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 3000 жылдан ашуун тарыхында Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Чейрек кылымдан ашуун мезгилде мамлекетти анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигин өнүктүрүүдө ар бир кызматкердин, ар бир куткаруучунун өз орду, зор салымы бар.

Өзгөчө акыркы 5 жылда министрлик болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди жаратты. Мамлекет башчыларынын колдоосу менен техникалар паркы акыркы үлгүдөгү жүздөгөн өрт өчүрүүчү унаалар, автошатылар, инженердик техникалар ал тургай, тик учактар жана суучулдардын ден соолугуна арачы болгон барокамера, катер, апааттык медицина унаалары, куткаруу шаймандары менен жабдылды.

Урматтуу куткаруучулар!

Кезинде министрликтин башкармалыктары, өрт өчүрүүчү бөлүктөр жарактан чыккан, эски кеңселерде иштешсе, бүгүн заманбап жабдылган жаркырган жаңы имараттуу болушту. Буга мисал, жакында Президентибиз Садыр Жапаров Ысык-Көл башкармалыгында ардагерлер, куткаруучулар менен биргеликте эки кабат имараттын босого боосун чечти.

Өрт өчүрүүчү бөлүктөрдүн иштөөгө ыңгайлашкан бир нече имараты ачылса, өлкө аймагында курулуп жаткандары ар бир куткаруучуга, өрт өчүрүүчүгө маңдай жарыла кубаныч тартууларына ишенем.

Бүгүн министрликтин туура жүргүзгөн саясаты менен эл аралык аренада “тайманбас кыргыз куткаруучулары”, деген кадыр-барк күтө алдык. Мындан ары да мекенчилдик менен ийгиликтерди бирге жараталы.

Урматтуу кесиптештерим!

Эң башкы байлыгыбыз – эркиндик, эгемен өлкө, мамлекеттик башкы символдор, эне тил, географиялык аймак. Айрым элдерде элдүүлүгүн тааныткан мындай байлык, бакыт жок!

Андыктан сиздер менен бирге эл камында болуп, жүрөгүбүздө сактоо, коргоо, жардам деген сезимдерди түйө билели!

Ар бирибиз атуулдук ариетибиз, ар-намысыбыз менен Мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын бекемдеп, түндүгүн бийик көтөрөлү!

Урматтоо менен,

ӨК министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу