Жаңылыктар
12.08.2024 16:56
Кароолор: 757
ӨК МИНИСТРИ БООБЕК АЖИКЕЕВ ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНУН СЕЛ КАПТАГАН АЙМАКТАРЫНАН КАБАР АЛУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Ысык-Көл районунун сел каптаган аймактарынан кабар алды.
Учурда туристтик райондун Чолпон-Ата шаарын, Бостери, Бактуу-Долонотуу айылдарында селдин кесепеттерин тез арада жоюуну уюштуруу жана мындан аркы алдын алуу аракетинде.
Белгилей кетсек, 11-августта кыска мөөнөттө нөшөрлөгөн жамгырдан сел жүрүп, мындагы жашоочуларга тоскоолдук жараткан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР