Жаңылыктар
06.11.2025 20:13
Кароолор: 11
ӨК МИНИСТРИ БООБЕК АЖИКЕЕВ КЫТАЙДА «БИР АЛКАК, БИР ЖОЛ» КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-лейтенант Бообек Ажикеев “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында “Кырсыктардын тобокелин азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу” боюнча министрлер конференциясына катышуусу үчүн Кытай Эл Республикасында иш сапары менен жүрөт.
Конференцияга 35 өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын темасы “Жалпы келечеги бар коом: өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана куткарууну ыкчам, таасирдүү уюштуруу механизмин түзүү” болду.
Иш сапарынын биринчи күнүндө генерал-лейтенант Бообек Ажикеев Жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, жоюу жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча кызматташуу кеңешинин жыйынына катышты. Анда министр куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу аянтчасынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, эскертүү жана жооп кайтаруу системаларын өркүндөтүү, куткаруу кызматтарынын потенциалын жогорулатуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып өттү.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча өнөктөштүктү бекемдөөгө, технология алмашууну кеңейтүүгө жана адистердин квалификациясын жогорулатууга умтулуулары жөнүндө Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.
Иш-чаранын алкагында генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин Кытай Эл Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Ван Сянси менен эки тараптуу жолугушуусу болуп, анда эки өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү кызматтарынын мындан аркы өз ара аракеттери, тажрыйба алмашуу, кадрларды даярдоо жана биргелешкен машыгууларды өткөрүү маселелери талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүнүн негизги этабы катары бул сапардын маанисин баса белгилеп, кызматташтыкты бекемдөө жана калкты, аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоодо конкреттүү натыйжаларга жетишүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле конференциянын алкагында тематикалык сессиялар, сууда куткаруу боюнча көрсөтмө машыгуулар жана заманбап авариялык-куткаруу техникаларынын көргөзмөсү уюштурулат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР