Жаңылыктар

06.08.2024 11:49

   Кароолор: 336

ӨК МИНИСТРИ БООБЕК АЖИКЕЕВ ЧОЛПОН-АТАНЫН СЕЛ АГЫП ӨТҮҮЧҮ КАНАЛЫН БЕКЕМДӨӨНҮ ТАПШЫРДЫ

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов менен биргеликте, Чолпон-Ата шаарында саат 07:50 чамасында кыска мөөнөттө нөшөрлөгөн жамгырдан жүргөн кыяндын кесепеттерине жана шаардагы абалга көзөмөл жүргүздү

Министр Тогуз-Булак каналынын сел суулары ташыган тилкелери менен таанышып, мындан аркы селдин алдын алуу максатында каналдарды бекемдөө чараларын аткарууну жергиликтүү бийликке тапшырды.

Учурда шаар аймагын абалды көзөмөлдөө жана Бижиай районундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 25 куткаруучу 2 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматынан 2 экскаватор тартылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу