Жаңылыктар
25.03.2025 16:09
Кароолор: 546
ӨК МИНИСТРИ БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ КООПТУУ АЙМАКТАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨДҮ
Бүгүн, 25-март күнү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Баткен облусуна иш сапары менен келди. Алгач Лейлек районунун аймагын кыдырып чыгып, Раззаков шаарындагы кооптуу аймактарды жеринен көрүп чыкты.
Маалым болгондой, шаардагы Жаңы-Конуш участкасында сел өткөрүүчү канал жана темир-бетон тосмолорун куруу боюнча долбоорлор ишке ашууда. Атап айтканда, 550 метр узундуктагы сел каналын жана 826 метр сел тосмосун куруу мерчемделген.
Ал эми буга чейин көйгөй жаратып келген Кара-Таш, Чимген (Шор-Булак сай) жана Чыгыш көчөсүндөгү селдин нугу ачылып, темир-бетон тосмолору жана сел өткөрүүчү каналдарын куруу пландалууда.
Эске салсак, өткөн жылдын 24-июнунда катуу жааган жаандан улам Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында сел жүрүп, келтирилген зыян 101,6 млн сомго жеткен. Селден турак жай, ички чарбалык жолдор, мектеп жана оорукананын имараты жабыр тартып, тилекке каршы бир бала каза болгон.
Министр мындай табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерин күчөтүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма койду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР