Жаңылыктар
08.07.2025 13:01
Кароолор: 43
ӨК МИНИСТРДИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ ЫСЫК-КӨЛГӨ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛДИ
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келди. Атайы иш сапардын жүрүшүндө ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жаңы салынган административдик имаратынын ачылыш аземине болгон даярдык менен таанышты.
Андан соң жыйындар залында республика боюнча ӨКМдин облустук башкармалыктары менен онлайн чогулуш өткөрүп, 8-11-июлуна чейин берилген шашылыш билдирүүгө байланыштуу кечиктирилгис тапшырмаларды берди. Ага ылайык, алдыда күтүлө турчу нөшөрлүү жаандын кесепети элдин коопсуздугуна жана тынч жашоосуна зыян алып келбеши керек экендигин эскертти. Бул максатта облус, шаар, райондордо жана айыл аймактардын жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын, министрликтин куткаруучуларын дайыма даярдык абалда кармоону тапшырды.
Министрдин биринчи орун басары өз сөзүндө сел жана суу ташкындарын алдын алуу жумуштары күчөтүлгөн тартипте жүрүп, натыйжалуу болушун баса белгиледи. Ошондой эле бул иш министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө экенин айтып, тапшырмаларды өз убагында так аткара албаган кызматкерлерге эскертүү берди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР