Жаңылыктар

18.12.2023 10:35

   Кароолор: 591

ОБЛУСТУК ООРУКАНАДАН 60 АДАМ ЭВАКУАЦИЯЛАНЫП, ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын облустук оорукананын кардиология бөлүмүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ооруканадагы өрттү өчүрүүгө саат 6:58де Каракол шаардык ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 7:40та толук өчүрүлгөн.

Кардиология бөлүмүндө жаткан 60 адам жана 4 медицина кызматкерлери эвакуацияланган. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Ал эми тилсиз жоо оорукананын 12 чарчы метр шыбын кучагына алган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу