Жаңылыктар
30.08.2024 12:12
Кароолор: 228
НӨШӨРЛҮҮ ЖАМГЫРДАН УЛАМ СЕЛ ЖАНА ТАШ КУЛОО ПРОЦЕССТЕРИ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН
Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрь күнү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолуна ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча:
- Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Түп райондорунда,;
- Чүй облусунун Кемин, Чүй, Аламүдүн, Ысык-Ата, Сокулук жана Москва райондорунда;
- Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда;
- Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас жана Талас;
- Жалал-Абад облусунун Чаткал, Аксы, Токтогул, Ала-Бука, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо жана Базар-Коргон райондорунда;
- Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Араван, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда;
-Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесси жүрүшү мүмкүн.
Республиканын унаа жолдорундагы кооптуу сел жана таш кулоо тилкелеринде, айрыкча:
-Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;
-Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-138 чакырымдарында;
- Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол 2-20; 122-155 чакырымдарында;
- Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-15 чакырымдарында;
-Ош-Исфана унаа жолунун 8-31; 55-60; 40-100, чакырымдарында;
-Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.
Республика жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР