Жаңылыктар

27.08.2024 19:25

   Кароолор: 937

НӨШӨРЛҮҮ ЖАМГЫРДАН УЛАМ СЕЛ ЖАНА ТАШ КУЛОО ПРОЦЕССТЕРИ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН

28-29-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Аксы, Токтогул, Ала-Бука, Ноокен, Тогуз-Торо жана Базар-Коргон райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ысык-Көл жана Түп райондорунда, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Манас, Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Бишкек шаарларынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдоруна таш кулашы мүмкүн.

Өлкөнүн унаа жолдорундагы сел жана таш кулоо тилкелери, айрыкча:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 140-200-чакырымдарында;

- Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол унаа жолунун 155-170-чакырымдарында;

- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-15-чакырымдарында;

- Ош – Раззаков унаа жолунун 40-100-чакырымдарында;

- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-13, 22-24-чакырымындарында.

❗️ӨКМ жарандарды, айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Эгер сиз, өзгөчө кырдаалдардын күбөсү болсоңуз токтоосуз жергиликтүү ӨКБга кайрылыңыз же “112” кызматына токтоосуз чалыңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу