Жаңылыктар
08.05.2024 16:48
Кароолор: 511
НӨШӨРЛҮҮ ЖАМГЫРДАГЫ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН БИЛИП АЛЫҢЫЗ
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сунуштайт
Алдын ала берилген аба ырайына, шашылыш билдирүүгө жараша өзүңүзгө коопсуз жүрүм-турумду камсыздап, эрежени так сактаныз!
Нөшөрлөгөн жамгырда:
- шаарды кыдыруудан, жаратылышка чыгып эс алуудан баш тартыңыз;
- мындайда өз батириңизде же жумушуңузда болуңуз;
-зымдуу жана радио уктуруу каражаттарын иштетүүдөн качыңыз;
- көчөдө жамгыр жаап жатса, жер астындагы өтмөктөргө жана тереңдетилген жертөлөгө түшпөңүз;
- мүмкүн болгон суу каптоо деңгээлинен жогору жайгашкан имараттарда болууга аракет кылыңыз;
- эгерде сиз турган имаратты суу каптап жатса, аны таштап, жакынкы дөңсөөгө чыгууга аракет кылыныз;
- ал эми имараттан чыгууга мүмкүн болбосо, анда жогорку кабаттарга чыгып, электр жарыгын жана газды өчүрүп, терезе-эшиктерди бекем жаап, жайгашкан жериңизди өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 номери аркылуу билдириңиз;
-жеке унаада бара жатканда нөшөрлөп жамгыр жааса, суу каптаган аймактардан өтпөңүз;
- акырындык менен жол жээгине өтүп, кыймылды токтотуп, авариялык жарыктарды күйгүзүп, нөшөрдүн токтошун күтүңүз;
-суунун көлөмү көп чогула баштаган учурда унааны таштап, бийик жерге же жакынкы имаратка барууга аракет кылып,112 кызматына билдириниз!