Жаңылыктар

23.06.2024 09:57

   Кароолор: 415

НӨШӨРЛҮҮ ЖАМГЫР ЖААШЫ КҮТҮЛӨТ

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү, сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 24-25-июнь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

📢ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ЭСКЕРТЕТ:

- ички чарбалык арыктарды тазалап, жээктерин бекемдеңиз;

- арыктарга таштанды таштабаңыз;

- арыктын нугун бүтөп, көпүрө салбаңыз;

- сел суусу каптап баштаганын көрсөңүз, электр жарыгын, газды өчүрүп дароо үйдөн чыгыңыз;

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН! АДАМ ӨМҮРҮ БААРЫНАН КЫМБАТ.

Кырсык катталганда 112 номерине байланышыңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу