Жаңылыктар
08.05.2024 15:40
Кароолор: 252
НӨШӨРЛҮҮ ЖАМГЫР ЖААШЫ КҮТҮЛӨТ
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык,10-12-майларда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 11-майда жана 12-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатып, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР