Жаңылыктар

24.07.2024 12:50

   Кароолор: 624

НӨШӨРЛҮҮ ЖАМГЫР ЖААП, СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

2024-жылдын 25-июлунан 29-июлуна чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

❗️ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!

Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!

- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу