Жаңылыктар

14.08.2024 20:09

   Кароолор: 860

НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ СЕЛ ЖАНА ТАШ КУЛОО ПРОЦЕССТЕРИ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН

КР ӨКМге караштуу Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсүнүн негизинде, 15-16-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдырына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Тороо райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунун жана Ош шаарынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:

-​ Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

-​ Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

-​ Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;

-​ Балыкчы-Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;

-​ Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;

-​ Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

- Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;

- Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Республика жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу