Жаңылыктар

08.08.2024 14:43

   Кароолор: 616

НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ СЕЛ ЖАНА ТАШ КУЛОО ПРОЦЕССТЕРИ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН

ӨКМге караштуу Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсүнүн негизинде, 10-12-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдырына ылайык республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча төмөнкү аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Алар:

- Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;

- Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Тороо райондорунда;

- Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;

- Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов жана Кемин райондорунда;

- Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда;

- Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунда Ош шаарынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкалары:

-​ Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

-​ Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

-​ Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;

-​ Балыкчы – Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;

-​ Талды — Суу – Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;

-​ Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

- Мырзаке – Кара —Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;

- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Жарандарды жана айдоочуларды сак болуп, кырсык болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу