Жаңылыктар

05.08.2024 18:15

   Кароолор: 537

НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ СЕЛ ЖАНА ТАШ КУЛОО ПРОЦЕССТЕРИ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН


ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын шашылыш билдирүүсүндөгү 5-6-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолун билдирет.

Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Жайыл, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Тороо райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда, Талас облусунун Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу активдешиши мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна сел жана таш кулоого кооптуу тилкелери, айрыкча:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;

- Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;

- Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;

- Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;

- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;

- Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;

- Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;

- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымындарында сел жүрүүсү жана таш кулоосу активдешүүсү мүмкүн.

✅УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР, ЖҮРГҮНЧҮЛӨР!

Жол жүрүүдө этият болуп, коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз “112” кызматына токтоосуз чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу