Жаңылыктар

29.07.2024 20:34

   Кароолор: 356

НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ СЕЛ ЖАНА ТАШ КУЛОО ПРОЦЕССТЕРИ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН

ӨКМге караштуу Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсүнүн негизинде, 30-31-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда:

– Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда,

– Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Тороо райондорунда,

– Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондорунда,

– Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда,

– Чүй облусунун Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда,

– Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор райондорунда,

– Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Ал эми өлкөнүн унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:

- Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

- Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

- Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;

- Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;

- Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;

- Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

- Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;

- Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Республика жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Кырсыкка кабылганда "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу