Жаңылыктар
11.10.2024 11:07
Кароолор: 875
НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ КООПТУУ ТАБИГЫЙ ПРОЦЕССТЕРИ АКТИВДЕШҮҮСҮ МҮМКҮН
2024 жылдын 11-13 октябрь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдырына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда:
- Чүй облусунун Кемин, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп райондорунда;
- Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал райондорунда;
- Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас, Талас райондорунда;
- Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Сузак, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул райондорунда;
- Бишкек шааррынын аймактарында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон табигый процесстер жүрчү тилкелерде, айрыкча:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 150-246 чакырымында;
- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-13, 22-24 чакырымында:
- Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-138 чакырымында.
Өлкө жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ бөлүктөрүнө кайрылыңыз же “112” бирдиктүү кызматына токтоосуз чалыңыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР