Жаңылыктар

12.08.2024 22:36

   Кароолор: 948

НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ ЧОЛПОН-АТАДА КАЙРАДАН СЕЛ ЖҮРДҮ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Ысык-Көл районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу жумуштарын жеринде жеке көзөмөлүнө алууда.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында кечки саат 21:20 чамасында нөшөрлүү жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак каналынан ашып, жакын жагашкан турак бир үйдүн, 1 дүкөндүн короосуна кирген.

Учурда жеринде министр баштаган куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу