Жаңылыктар
29.05.2025 17:17
Кароолор: 417
НООКЕНДИН БҮРГӨНДҮ АЙЫЛЫНА ӨКМдин ЖАҢЫ БӨЛҮМЧӨСҮ АЧЫЛДЫ
Бүгүн, 29-майда ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Бүргөндү бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды.
Иш-чарага КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров жана айыл тургундары катышты.
Мекеменин курулуш иштери 2024-жылдын октябрь айында башталып, Ноокен райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен жалпы 17 млн сом акча каражаты жумшалган.
Облус башчысы Тилек Текебаев айыл аймак жашоочуларын куттуктап, өзгөчө кырдаалдар кызматынын жаңы бөлүмчөсүнүн ачылуусу — жергиликтүү элдин коопсуздугун сактоодо, табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ага катар жарандарды ар түрдүү кырсыктардан сак болууга чакырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР