Жаңылыктар

14.11.2024 17:38

   Кароолор: 306

НООКАТТЫН БОРБОРДУК БАЗАРЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

КР ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасынын негизинде өрттүн алдын алуу үчүн пландан тышкаркы атайын өрт-тактикалык машыгуу Ноокат районунун борбордук базарында өттү.

Өрт-тактикалык машыгууларды өткөрүүдө атайын техниканын өтүүсүнө кирүүчү жолдордун абалы, эвакуациялоо жолдорунун жана авариялык чыгуулардын абалы, өрт гидранттарынын, өрт сигнализацияларынын жана өрт өчүрүүчү каражаттардын, үн жана жарыктын болушу жана техникалык абалы (ишке жарамдуулугу) өрт жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда эскертүү сигналдары текшерилди.

Жыйынтыгында кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча базар жетекчилигине тапшырмалар берилди.

Машыгуунун максаты күз-кыш мезгилинде өрттүн алдын алуу жана материалдык баалулуктарды сактап калуу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР


 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу