Жаңылыктар

13.08.2024 10:16

   Кароолор: 334

НООКАТТЫН БИЙИК ТООЛУУ КӨЛДӨРҮ ИЗИЛДЕНДИ

ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин, Кыргызгидромет кызматынын адистери жана Ноокаттагы куткаруучулар менен үстүтүбүздөгү жылдын 8-9-август күндөрү Ош облусунун Ноокат районундагы Чили-Сайында жайгашкан Мунку, чыгыш Мунку, Ак-Арт жана жогорку Ак-Арт тоо көлдөрүн изилдешти.

Жыйынтыгында бийик тоолуу көлдөрдө акырындык менен мөңгү суулары толуп жаткандыгы жана алардын агып чыгуусу туруктуу экендиги аныкталды. Аталган көлдөрдүн жарылып кетүү кооптуулугу учурда дээрлик төмөн.

Жумушчу топтордун ар бир изилдөөлөрүнө ылайык мониторинг жүргүзүү учурундагы маалыматтарын жана жаан-чачындын, аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрүн эске алып, жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде облус, райондогу тиешелүү тараптарга алдын алуу жумуштарын аткаруу сунушталат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу