Жаңылыктар
03.07.2024 15:57
Кароолор: 204
НООКАТТЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ 75 ТЕХНИКА, 145 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн, 3-июлга карата Ноокат районундагы селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 68 куткаруучу, 18 атайы техника, жергиликтүү элге суу жеткирүү максатында 5 өрт өчүрүүчү унаа, 1 суу ташуучу унаа (водовоз) тартылды.
Алсак, учурда Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында, Исанов а/а Тескей-Кожоке айылында, Көк-Жар а/а Найман, Жийде айылдарында, Гулистан а/а Фрунзе айылында, Жаңы-Ноокат а/а Жандама, Дөң-Кыштак, Катта-Тал айылдарында сел суусу менен агып келген бак-дарактардан, көчө, ички жолдорду, арыктарды жана короолордогу ылай топурагынан тазалап, калыбына келтирүү жумушу жүрүүдө.
Мындан сырткары Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарындагы айылдарга ӨКМден 5 өрт өчүрүүчү унаа, Кызыл-Кыя шаардык коммуналдык кызматынан 1 суу ташуучу унаа (водовоз) менен жергиликтүү элге турмуш-тиричилигине пайдаланууга таза суу ташылып берилүүдө.
Ошондой эле аталган айыл аймактарда Жарандык коргонуу кызматтарынан 51 техника, 77 жумушчу тартылып, кечиктирилгис жумуштар жүрүүдө. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлары Акылбек Мазарипов жана Эделбек Кулматов координациялоодо.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР