Жаңылыктар
29.06.2024 03:30
Кароолор: 194
НООКАТТАГЫ АКЫРКЫ АБАЛДАН МААЛЫМАТ: ОШ — БАТКЕН — РАЗЗАКОВ УНАА ЖОЛУ АЧЫК
НООКАТТАГЫ АКЫРКЫ АБАЛДАН МААЛЫМАТ:
ОШ — БАТКЕН — РАЗЗАКОВ УНАА ЖОЛУ АЧЫК
(Саат 03:20га карата маалымат)
Ноокатта түзүлгөн райондук штабда Президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын жана ра
Отурумда тез аранын ичинде байланыш, электр энергиясы, көпүрө, унаа жолдорду калыбына келтирип, турак үйлөрдү тазалап, издөө иштерин токтотпоо тапшырмасы коюлган.
Акыркы такталган маалыматтарга ылайык, селдин кесепетинен 4 адам каза болуп, сөөгү табылган. Учурда ӨКМдин 65 куткаруучусу Абшыр-Ата эс алуу жайына, 8 куткаруучу Кезарт жайлоосуна жөнөтүлгөн. 54 куткаруучу Ноокат шаарында резервде турат.
Селдин кесепетинен 33 турак үйдүн, 1 бала бакчанын короосун сел каптап, анын ичинен 7 турак үйдүн ичине сел кирген.
Жергиликтүү бийлик тарабынан саат 01:00 чамасында Абшыр-Ата эс алуу жайына баруучу унаа жол ачылган. Саат 00:30да Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 64-чакырымы толугу менен ачылган.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР