Жаңылыктар

29.06.2024 01:33

   Кароолор: 248

НООКАТТА СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА АТАЙЫН ШТАБ ТҮЗҮЛДҮ

(Саат 1:30га карата маалымат)

Ноокаттагы селдин кесепеттерин жоюуга, издеп-куткаруу иштерин көзөмөлдөөгө штаб түзүлдү.

Учурда жалпысынан 127 куткаруучу тартылып, медициналык-психологиялык жардам көрсөтүүгө 12 дарыгер, психолог иштеп жатат. Жалпысынан 637 адам иш алып барууда.

Ал эми эки тараптуу жабылган Көк-Жар — Кулатов жолу болжол менен саат 1де ачылып, ИИБ кызматкери жол кыймылын көзөмөлдөөдө. ӨКМден 2 хово, 2 экскаватор 2 тралл тартылды.

Штабда жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтарынын тутуму, сел кесепеттерин жоюуга техникалары да иштеп жатат

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу