Жаңылыктар

29.06.2024 12:17

   Кароолор: 297

НООКАТКА БАТКЕНДЕН КУТКАРУУЧУЛАР МЕНЕН КОШО АЗЫК-ТҮЛҮК ЖӨНӨТҮЛДҮ

Кечээ, 28-июнь күнү Ноокат районунда жааган жаандан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кызыл-Кыя шаарынан 20 куткаруучу чыгып, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп, бүгүн 29-июнга карата жалпы 22 куткаруучу жумуш алып барууда.

Ал эми сел жүргөн аймактарда жарандарды куткаруу жана коопсуз жайга көчүрүү жумуштары жүрүүдө.

Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик менен биргеликте Кызыл-Кыя шаардык ӨКБнүн башчысы майор Б.Тойгоновдун башчылыгында сел жүргөн аймактарда жабыркаган жарандарга 2 портер менен азык-түлүк жеткирүүгө жөнөп кетишти.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу