Жаңылыктар

24.07.2024 12:25

   Кароолор: 369

НООКАТ: СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН АЙМАКТАРДА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Кечээ, 23-июль күнү Ош облусунун Ноокат районунда жааган жаандын кесепетинен

жабыркаган Тельман-Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чыкырымындагы жолду ачуу жана кеңейтүү жумуштуры бүгүн саат 08:50дө башталды.

Калыбына келтирүү иштерине №37 жол тейлөө ишканасынан 7 кызматкер жана 4 атайын техника тартылды.

Ошодой эле, сел сууларынан жабыркаган Зулпуев айыл аймагынын Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосуна барчу жолду ачуу жана кеңейтүү жумуштарына Зулпуев айыл аймагынан 2 кызматкер жана атайын техника тартылды.

Кошумча маалымат берилет. .

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу