Жаңылыктар

23.07.2024 17:40

   Кароолор: 269

НООКАТ: СЕЛ КАТТАЛГАН АЙМАККА ЫКЧАМ ТОП ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн, саат 17:15 чамасында Ош облусунун Ноокат районунда жааган жаандын кесепетинен Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман-Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чакырымын каптап, унаа жол жабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылган. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу